Новости

КЕНТАВР АКЫН КАРБАЛАС БАКИРОВ

Кыйноонун азабын, жандын жыргалын ырга салып, Тайганын токоюнда табылга издеп, Сибирдин суук күндөрүндө турмуш отуна жылынып, чындыкты балдар деп, балдарды чындык деп тааныган акын Карбалас Бакировдун өзү окуп кеткен ОшМУда “Ирмелген ирмемдер” аттуу поэзия кечеси өттү. ОшМУнун ректору, профессор К. Исаков белгилегендей окуу жайды аяктаганына 40 жыл, акын өзү 60 жашка толуп, бир кылымдык убакытты түшүндүргөнү да, анын чыгармачылыгын түбөлүктүү экенинен кабар берет. Кечеге бирге окуган группалаштары, кесиптештери, шакирттери келип куттуктап, жалындуу ырларды окуп акынды 40 жылга жашартты. Поэзия кечедеги көз ирмем менен сөз ирмемге назар салалы. Филология илимдеринин доктору, профессор Сатканбай Момуналиев: Чымчыктарга суктанган акын Карбалас чийинге сыйбаган, көкүрөгү кенен, ырга калп айтпаган бунтар акын. Өзүнүн чындыгын тапкан, өзүнүн чындыгын издеген, чыңырган чынчыл, эки чылбырды кармаган акын. Карбалас ыр издебейт, ыр Карбаласты издейт. Карбалас балага суктанган акын. Муну балдарды кардын көзү менен караганынан байкасак болот. Тайганын токоюнда жүргөнгөбү, айтор, эркиндикке умтулуп, эркиндикти сүйгөндөн улам чымчыктарга ырларында да суктанат. Өзү окуп кеткен куттуу университет жөнүндө акын Карбалас Бакиров: “Ош МУ - биз учуп чыккан уя” Биздин романтикага бай учурларыбыз, эң бактылуу мөлтүр курагыбыз ушул жерде өткөн. Ошондуктан бул жакка келе жатканыбызда жүрөгүбүздө эргүүлөр болот. Баардык жакшылыктын баары ушул жерге чогулуп калгандай болуп, куштар учуп келе жаткандай эле келебиз. Студенттик курак – поэзияга жакын, кыялкеч, романтикалуу, чымчыктай болуп учкусу келген курак. Кичинемден чымчыктардын учканын жакшы көрчүмүн. Эмнеге булар учат да мен учпайм деп чымчык эле кубалап жүрө берчүмүн. Мына ушундай студенттик кезиме дагы бир ирет кайрылып келген сыяктуумун. Ош мамлекеттик университетинин ректору Исаков Каныбек Абдубаситович өзү баш болуп курссташтарым менен биргеликте тосуп алып, алыпбаруучу болуп, кечени уюштуруп бергенине аябай ыраазымын. Ош МУнун жалпы жамаатына да ыраазычылыгымды билдирем! Балдар Тайлардай булуттарды айдайсыңар, Талаанын чагылганын кармайсыңар. Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга, Чымчыктай бирден конуп алгансыңар. Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана, Тайгада канаты бар кардайсыңар. Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар, Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар. Икардай мен асмандан кулаганда, Илинип силер көктө калгансыңар. Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар, Эстүүлөр тааныганды тангансыңар. Өтүнөм жерге шашып түшпөгүлө, А жерде жашайт жалаң жалганчылар! Даярдаган: Нурсулуу Калмурат кызы
2803 16:01 01-06-2018

                 

Новости

|< 1 >|