Новости

ОшМУда “Куттуу жумалык” аземи өттү

       Бүгүн, 20-апрель күнү университеттин салтанаттуу жыйындар залында теология факультети тарабынан Аз. Мухаммед (с.а.в) пайгамбарыбыздын туулган күнүнө арналган “Куттуу жумалык” аземи болуп өттү. “Куттуу жумалыкка” окуу жайдын ректору, проф.,док К.А.Исаков, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчилилигинин өкүлдөрү, Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын мүчөлөрү, университеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Салтка айланган аземде К.А.Исаков “Куттуу жумалыктын” эң жакшы демилге экенин, коомго пайдалуулугун баса белгиледи. “Куттуу жумалык” кыргыз журтуна кут алып келди. Эгемендикти алган жылдары эң алгач ачылган теология факультети тарабынан туңгуч болуп ушундай программалар өткөрүлө баштаган. Таза диний баалуулуктар илимий, публицистикалык, керек болсо поэтикалык жактан сунулууда. Эгемендик жылдарга чейин атеисттик тарбия өкүм сүрүп, университетте тилекке каршы Куран окууга, диний иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынган учурлар болгон. Учурда кудайга шүгүр, жан дүйнөбүз ыйманга, адеп-ахлакка ушундай жолдор менен каныгууда. Мухаммед (с.а.в.) эң акыркы пайгамбар. Анын осуят-насааттарын, ойлорун, идеяларын үйрөнсөк жаман адам болбойбуз. Башка адамдарга жарыгын чачкан, коомго пайдалуу гана инсан болобуз. Учурда теология факульетинде 15ке чукул илимдин (PhD) кандидаттары, Түркия мамлекетинде магистратурада жана докторантурада окуп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз бар. Бүгүнкү күнгө чейин 500дөй бүтүрүүчүлөрүбүз ар кандай мамлекеттик мекемелерде, билим берүү институттарында ж.б. жерлерде иштеп жатышат. Тактап айтканда исламдын адеп-ахлактын, толеранттуулуктун дини экенин тааныткан толкун деп теология факультетин айтаар элем” - деди.

      Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч жалпы катышуучуларды кызуу куттуктап: “Пайгамбарыбыз (с.а.в) ынтымактыкты жар салган. Биз Жер шарынын кайсыл жеринде болбойлу, ынтымакта жашашыбыз керек. Бири-бирибизге жакшылык кылалы. Анкени пайгамбарыбыз: “Өзүңөргө каалаган нерсени өзгөгө кааламайынча толук мусулман боло албайсыңар” деген” деп куттуу хадис менен сөзүн жыйынтыктады.

      Саланат “Куттуу жумалыктын” алкагында уюштурулган конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо менен улантылып, келген конокторго сый тамак уюштуруу менен жыйынтыкталды.

3793 13:16 20-04-2015

                 

Новости

|< 1 >|