Новости

Физика - техника факультетинин Бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы түзүү үчүн тегерек стол уюштурулду

Тегерек столдун катышуучулары. 1. Турсунбаев Ж.Ж.- ФТФ нын деканын м.а. т.и.к., доцент; 2. Жакыпова Г. – ОшМУнун карьера борборунун башчысы; 3. Арапов б.А. –ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор; 4. Арзиев Ж. –КР УИА, Жаратылыш байлыктары институтунун директору, т.и.д., профессор; 5. Токсонбаев К.Б. – Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын полковниги; 6. Чотонов Б.- КРУИА нын ТБ гү “Энергоресурстар жана геоэкология” илим изилдөө институнун директору, ф.-и.к., доцент; 7. Кадырбердиева Б.К.- №23 Кызыл-Тал орто мектебинин директору; 8. Өмүрбекова Г.- КӨУ нын ИТФ нын деканы, т.и.к., доцент; 9. Ниязбеков К.- Ош шаардык салык инспекциясынын бөлүм башчысы; 10. Абдиева А. –“Ош Электро” нун башкы бухгалтери; 11. Тажибаева А.М.- “Ош Таза -суу” АК нун башкы адиси; 12. Абдалиев У.- КР УИА, Жаратылыш байлыктары институтунун директорунун орун басары, т.и.к., доцент; 510400 “Физика” магистратураны жана 550200 “Физика - математикалык билим берүү” багыты боюнча бакалаврды бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөр менен жумуш берүүчүлөрдүн жолугушуу, бүтүрүүчүлөрдүн ассосациясы түзүү, ассосациянын төрагасын, орун басарын жана аймактык координаторлорун шайлоо. Угулду: 1. ФТФ нын деканынын милдетин аткаруучу Ж.Ж. Турсунбаев-Эл аралык аккредитация талабына ылайык ОшМУ ну бүтүрүп кеткен чыгаан бүтүрүүчүлөрүбүздү чакыруу менен Ассоциация түзүү жүйөлүү маселелерден экендигин белгилеп карьера борборунун жетекчиси Г. Жакыповага сөз берди. 2. Жакыпова Г. – карьера борборунун максаты менен тааныштырып, бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын положениясы менен тааныштырып, ассосациянын төрагасын, орун басарын жана аймактык координаторлорун шайлоо керектигин айтты. Чындыгында, 2006-жылы ассосация түзүлгөн, ошондон бери иш алып барылууда, бирок документтешкен эмес эле жана “мыкты бүтүрүүчүлөр” китеби да жарык чыгууда ага да өзүңөрдүн резюмеңерди берсеңер болот. 3. Профессор Б. Арапов бүтүрүүчүлөрдүн ассосациясы термини эскиден эле болуп келген, бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу да болуп эле жатат, эми талапка ылайык официалдуу бекитип алсак жана факультеттин окмуштуулар кеңешине мүчө кылып алсак жана төрагалыка профессор Ж.Арзиевди деген сунушту айтты.
3617 14:00 03-06-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 >|