Новости

“Чет өлкөлөрдө маданий-адеп-ахлахтык өзгөчөлүктөр кандай?” деген темада талкуу уюштурулду

27-ноябрь күнү саат 14-00дө ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин жыйындар залында “Чет өлкөлөрдө маданий-адеп-ахлахтык өзгөчөлүктөр кандай?” деген темада талкуу уюштурулду. Жыйынга проректор А.О. Абдувалиев агайыбыз дагы катышып, кызыктуу маалыматтарды айтып берип олтурду. Дискуссияда дүйнөнүн 20 өлкөсүнө (Испания, Чехия, Германия, Индия, Турция, Япония, Корея ж.б.) барып, билим алып, ал өлкөлөрдөгү элдердин маданияты, менталитети, колорити, каада-салты, үрп-адаты, адеби, ыйманы ж.б. улуттук өзгөчөлүктөрү менен таанышып келген ОшМУнун алдыңкы студенттери ой бөлүшүштү. Алсак, студенттерибиз жөнөкөй эле көчөдө, транспортто жүрүү, кийинүү, саламдашуу, белек берүү ж.б. маданияты тууралуу айтышып, суроолорго жооп беришти. Катышып пайдалуу, керектүү, кызыктуу маалыматтарды алган студенттеребиз аны группалаштарына, курсташтарына, досторуна жеткирип барабыз деп убада беришти. Бул төгөрөк стол эми регулярдуу өтүп турмай болду. Кийинки жыйын туптуура бир жумадан кийин кыргыз-европа факультетинде уланмакчы. ОшМУнун жетекчилигине жана кыргыз-кытай факультетинин жамаатына терен ыраазычылык билдиребиз.
3458 14:33 28-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|