Новости

Бишкектеги студентерибизге зыярат

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.М. Амиралиев Иранга бара жатып, Бишкекте окуп жаткан студенттерибизден кабар алып, ал-ахвалдарын сурап, кесиптештери менен баарлашып келди. Баштап, Бишкек гуманитардык университетине барып, ал жерден студент-кыздарыбызга жолукту, окууларын сурады. Андан кийин Кыргыз-түрк "Манас" университетине жол тартты. Мында окуу жайдын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, кесиптеши Жамийла Үркүнчиева менен жолугуп, эк тараптуу кызматташуунун перспективалык пландары, келечектеги иш-аракеттер жөнүндө сүйлөштү. Алардын инженердик факультетинде окуп жаткан студенттерибиз Элиза Исакова жана Өмүр кызы Айгерим менен көрүштү. Кезектеги сапары бүгүнкү күндө 11 студентибиз билим алып жаткан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде уланды. Бул жерде окуу бөлүмүнүн башчысы проф. Октябрь Капалбаев менен жүз көрүштү жана студенттерибиздин окуулары, жүрүм-турумдары тууралуу сурады. И. Арабаев университетинде кытайлык белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын небереси Турганаалы Жусуп Мамайтегин менен учурашты. Урматтуу студенттер, жогоруда аталган окуу жайларга экинчи семестрде дагы ички мобилдүүлүк боюнча жиберебиз, чамдагыла, шансты кое бербегиле, орундар чектелүү.

2589 14:31 20-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|