Новости

Ааламга жол ошМудан башталат.

Ош мамлекеттик университетинде 20-октябрь күнү “Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?” аттуу маалымат жыйын болуп өттү. Erasmus+, Mevlana, УШОС, ДААД, ички мобилдүүлүк жана башка чет өлкөлүк билим берүү программалары тууралуу маалыматтарды жайылтуу максатын көздөгөн жыйын ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адистери тарабынан уюштурулуп, аталган жыйынга чет өлкөгө окуп келүүнү самаган университеттин бардык факультет, колледждеринен студенттер, магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасында билимин жогорулаткан Нияз Ысмаилов, Түркияда Мевлана программасы боюнча окуп келишкен Алмаз кызы Каныкей, Эргешова Акмарал, Эстониянын Тарту университетинде билим алган Беназир Жолдошалиева, Испаниянын Кадис университетинде Эразмус+ka107 программасы боюнча билимин жогорулатып келген Мурод Рахманов, Айпери Алманбекова, DAAD программасы боюнча Германияда билим алган Марасул кызы Шаиргүл, УШОС боюнча Казакстандын Нахоз университетинен билим алып келген Жанат Токторбаева, Япон фондунун Кансай эл аралык борборунун программасы менен билим алып келген Умида Раимжанова, Эркинбай кызы Жазгүл, Корея өлкөсүндө окуп келген Аксана Боронбаева билим алып келген өлкөлөрүндөгү билим берүү системасы, программанын шарттары, талаптары, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, жетишкендиктер боюнча презентацияларды жасашып, биринчиден университет тарабынан түзүлүп жаткан кеңири шарттарга ыраазычылыктарын билдиришсе, экинчиден ар бир студент тил үйрөнүүгө, чет өлкөдө окуп келүүгө болгон аракеттеринин негизинде ийгиликке жетүүгө боло тургандыгын белгилешти. Жыйындын соңунда студенттер чет өлкөдөн билим, тажрыйба алып келген студенттерге кызыктырган суроолорду беришип, жоопторду алышты. Учурда бир жылда ОшМУдан 1500ден ашуун студенттер, 300дөн ашуун окутуучулар чет өлкөлөрдөгү университеттерде 1 айдан 1 жылга чейинки аралыкта билим, тажрыйба алып келип келүүдө. Белгилей кетсек, Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?” аттуу маалымат жыйын жетекчиликтин жеке демилгеси менен быйыл үчүнчү ирет уюштурулду.
2485 10:07 26-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|