Новости

Германиянын ДААД академиялык алмашуу программасы ОшМуда.

Бүгүн (25.10.2017) ОшМУнун башкы корпусунун ЧАЗында Германиянын ДААД академиялык алмашуу программасынын Бишкек шаарынан келген өкүлдөрү-волонтерлор: Анна Клейнханс, Фольке Айкмайер, Мээрим Абдыласова "ДААДдын 2017-2018-жылга карата Кыргызстанга бөлгөн стипендиялары" деген темада презентация жасашып, кенен консультация беришти. Жыйынга Германияга барып келүүнү каалаган 150 жакын студент катышып, кызыккан суроолоруна жоопторду алышты. Иш-чарадан соң коноктор ОшМУнун дистанттык борборунда www.onset.de немец тили боюнча тест алышты. Бул тестти ийгиликтүү тапшырган студенттерибиз, Германияга: жайкы тилдик курстар, магистратура, изилдөө иштери сыяктуу багыттар боюнча 3-4 жумадан 6 айлык мөөнөткө чейин барып келишет. Коротулган чыгымдардын баарын ал жакта берилүүчү стипендия каптап калат. Кошумчалай кетсек, ДААДдын программасы бир гана студенттер үчүн эмес, магистранттарга, аспиранттарга, окутуучуларга жана окумуштууларга арналган көптөгөн стипендиялуу программалары бар. Андыктан бир келген шансты колдон чыгарып жибербениздер! Толугураак маалыматты төмөнкү сайттардан жана адрестерден алыңыздар: www.daad.kg, www.facebook.com/daadkg, тел.: 0312 32 39 48 факс: 0312 32 39 51 e-mail: info@daad.kg.
2159 10:04 26-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|