Новости

Бүгүн ОшМУда “Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?” аттуу маалымат жыйыны болуп өттү.

Бүгүн ОшМУнун башкы имаратынын ЧАЗында “Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?” аттуу маалымат жыйыны болуп өттү. Жыйынды ректорубуз проф. К.А. Исаков ачып берип, Испания өлкөсүндөгү иш-сапары тууралуу кенен айтып өтүп, келечекте ачыла турган кыргыз-европа факультети жөнүндө маалымат берди жана иш-чараны өзү алып барды. Германиянын, Испаниянын, Турциянын, Япониянын, Кытайдын, Россиянын, Казакстандын ж.б. өлкөлөрдүн университеттеринде окуп келген магистранттарыбыз жана студенттерибиз өздөрүнүн тажырыбалары менен бөлүшүшүп, сапарлары тууралуу презентацияларды жасашып, чет өлкөдө окуп келүү үчүн эмне кылуу керек, ал жакка кантип барып окуп келсе болот, бул үчүн кандай даярдыктар, эмнелер керек, ал жактагы билим берүү шарттары кандай болот? ж.б. суроолорго жооп иретинде пикир алмашышты. Маалымат жыйынга 300гө жакын студент катышты жана аладын баары пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер анкета дагы толтурушту. Анкетадагы суроолор ОшМУнун эл аралык байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган.

2463 10:19 25-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|