Новости

МИФИ менен ОшМУ тыгыз кызматташат

МИФИ менен ОшМУ тыгыз кызматташат

Бүгүн ОшМУга Москвадагы “Улуттук изилдөө ядролук университетинин (МИФИнин)” көчмө экзамендик комиссиясынын өкүлдөрү келип, башкы корпусубузда Физтехтин, МИТтин жана БиМдин 4-курстарнын студенттерине “Системный анализ и управление”, “информатика и вычислительная техника”, информационные системы и технологии”, “прикладная информатика”, “программная инженерия”, “прикладная математика”, “прикладная математика и информатика”, “прикладные математика и физика”, “физика”, “бизнес-информатика”, “экономика”, “менеджмент”, “бизнес-информатика” багыттары боюнча студенттик олимпиада өтөкөрүп беришти. Жыйынды ОшМУнун эл аралык байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору доцент А. Абдувалиев ачып берди. Иш-чарага 110 студент катышты. Ал эми олимпиададан кийин саат 14төн баштап коноктор магистратурага тапшырылуучу документтерди кабыл алышып, студенттерди каттоодон өткөрүштү. Эскерте кетүүчү нерсе, бул иш-чара эртең дагы ушул жерде уланмакчы. Саат 10до шаардын мектеп окуучуларына олимпиада өткөрүшүп, 14төн 15ке чейин вебинар уюштурушуп, 15тен 18ге чейин магистратурага тапшыруучулар менен аңгемелешүү жүргүзүшөт. МИФИге окууга өткөн студенттер жана магистранттар Москва шаарында бюджеттик негизде акысыз билим алышып, жатакана менен камсыз болушуп, ай сайын стипендия алып турмакчы.

Анда ОшМУнун студенттери дайыма алга! Ааламга жол ОшМУдан башталат!

2669 16:10 13-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|