Новости

ОшМУда ачык эшик күнү белгиленди.

ОшМУда ачык эшик күнү белгиленди.

ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү. Бүгүн ОшМУнун башкы корпусунда “Ачык эшиктер” күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Түштүк Кыргызстандын көптөгөн мектептеринен мугалимедер менен окуучулар келип, кесип тандоо боюнча кенен маалыматтарга ээ болушту. Майрамды ректорубуз проф. К. А. Исаков салтанаттуу түрдө ачып бергенден кийин, конокторго концерттик программа тартууланды. Ага чет өлкөлүк студенттер активдүү катышышып, кыргыз орус, хинд, түрк, корей ж.б. тилдерде сүйлөп, каалоо айтышып, ыр ырдап, бий тартуулашты. Ал эми эл аралык бөлүмдүн кызматкерлери келген конокторго чет өлкөдөгү окуу программалары, академиялык мобилдүүлүк боюнча маалыматтарды беришип, буклеттерди таратышты. Иш-чара 200 % мыкты даражада өттү.

2442 15:44 11-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|