Объявления

«Кыргызстанда тарых» инновациялык долбооруна өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштагандыгын кубануу менен жарыялайт.

Плюрализм боюнча глобалдык борбор (ПГБ) Борбор Азиядагы Америка Университетинин (AUCA) Борбор Азия боюнча билим алуу институту, Бишкектеги ЕККУ Академиясы, Франциянын Борбор Азия боюнча билим алуу институту (IFEAC), Бишкек Гуманитардык Университети (БГУ) жана Ош Мамлекеттик Университетинин алдындагы Тынчтыкты курууну жана өнөгүүнү изилдөө борбору менен өнөктөштүктө, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын Кыргызстандын тарыхындагы көп улуттуу жана көп конфессиялык коом катары аспектилерин изилдөө жана бүгүнкү күнү инклюзивдүүлүктү арттыруу үчүн тарыхтан сабак алуу мүмкүндүгүн аныктоо максатында «Кыргызстанда тарых» инновациялык долбооруна өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштагандыгын кубануу менен жарыялайт.
Кыскача маалымат Плюрализм боюнча глобалдык борбор - бул инклюзивдүү коомдорду куруу боюнча диалогго, талдоого жана пикир алмашууга көмөк көрсөткөн, Канаданын Оттава шаарында жайгашкан колдонмо билимдер уюму. Канада Өкмөтү менен шериктештикте Улуу Урматтуу Ага Хан тарабынан түптөлгөн бул Борбор инклюзивдүүлүктүн принциптерин жана тажрыбайсын жайылтуу аркылуу көп түрдүүлүктү сыйлоону илгерлетүүнү көздөйт.
Жалпы маалымат
Долбоор үч компоненттен турат: изилдөө иши, изилдөө устаттыгы жана жыйынтыктоочу семинар. Изилдөө иши: Кабыл алынган изилдөө иштеринин сапатына жараша, Борбор, Кыргызстандын тарыхындагы көп улуттуу жана көп конфессиялык коом сыяктуу аспектилерди чагылдырган өзгөчөлөнгөн изилдөө иштерин колдоо максатында чакан санда изилдөө гранттарын (7500 сөз) ыйгарат. Изилдөө иштеринин темасы талапкерлер тарабынан сунушталат. Изилдөө устаттыгы: изилдөө иштердин жазылышын колдоо максатында тандоодон өткөн талапкерлер эл аралык же жергиликтүү устат менен чогуу иштейт. Устат изилдөө жүргүзүү жана жазуу жараянында багыт берип, тарыхый окуяларга сын көз караш менен кароого шыктандырат. Жыйынтыктоочу семинар: Инклюзивдүүлүктү жогорулатууга умтулуп жаткан бүгүнкү Кыргызстан өткөн окуялардан үйрөнчү сабактарга өзгөчө коңүл коюп, катышуучулар өз изилдөө корутундуларын Бишкекте семинарда баяндайт жана шериктештер, устаттар жана кызыкдар тараптар менен талкуулайт.
Убакыт
Долбоордун катышуучулары жана устаттары 2016-жылдын март-апрель айларында тандалат. Бишкекте май айынын биринчи аптасында бир күндүк тааныштыруу семинардан кийин тандалган изилдөөчүлөр майдан августка чейин изилдөө иштерин жүргүзүп, устаттарынын жардамы менен жаза башташат. Изилдөө иштеринин алгачкы вариантын август айынын аягына чейин тапшыруу зарыл, ал эми эн сонку варианты эл аралык консультативдик комитеттин эксперттик рецензияcына сентябрь айынын аягында тапшырылат. Катышуучулар эксперттердин берген рецензиясына ылайык, изилдөө иштерин кайрадан карап чыгып, октябрь айында, изилдөөлөрүн аннотациясы менен кошо тапшыруулары талап кылынатю Жыйынтыктоочу семинар ноябрь айынында өтөт. Ийгиликтүү талапкерлерге эки семинарга катышуу үчүн жол каражаттары долбоор тарабынан төлөнөт.
Изилдөө иши
Ар бир изилдөө иши Кыргызстандын тарыхындагы көп улуттуу жана көп конфессиялык коом сыяктуу аспектилерди инклюзивдүүлүк жана экслюзивдүүлүк булактарын аныктоо жана аларды түшүнүү жана алар кандай өрчүп келгенин байкоо максатында жүргүзүлөт. Изилдөө ишинин сонку көлөмү 7 500 сөздөн көп болбошу керек. Семинарда талкуудан кийин жана Борбордун чечими менен тандалган изилдөө иштери бир же андан көп өнөктөш уюмдун вебсайттында жарыяланышы мүмкүн.
Изилдөө гранты
Ар бир тандалган изилдөөчү 750 АКШ доллар грант алат. Изилдөөчүлөр жер-жерлерде изилдөө жүргүзүү же изилдөөгө байланышкан башка чыгымдар үчүн кошумча грант катары 750 АКШ долларга чейин алууну суранса болот. Изилдөөчүлөр изилдөөнүн табиятын, аткарылчу жерди жана узактыгын, ошондой эле чыгымдардын аталышын аныктаган деталдуу түрдө жазылган бюджет сунушун тапшыруу зарыл.
Кабыл алуу шарты жана тандоо
Бул долбоорго Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары катыша алат, бирок чөлкөмдө жашап жаткан катышуучуларга артыкчылык берилет. Бир катар профессионалдык чөйрөдөн (өкмөт, жарандык коом, университеттер) дасыккан талапкерлердин катышуусу кубатталат. Талапкерлер долбоордун бардык аспекттеринде катышууга жана бөлүнгөн убакыттын ичинде милдеттенмелерин аткарууга тийиш. Талапкерлер төмөнкү тилдердин бирин жогорку деңгээлде билүүсү керек: кыргыз, орус же англис. Талапкер эл аралык консультативдик комитети тарабынан тандалат.
Катышуу өтүнмөсү
Өтүнмөлөр электрондук түрдө гана кабыл алынат. Өтүнмөлөр кыргыз, орус же англис тилдеринде тапшырылат. Өтүнмө төмөнкүлөрдөн турат:
1. Толтурулган анкета
2. Академикалык квалификация жана тийиштүү профессионалдык тажрыйба маалыматын камтыган резюме (2 беттен көп эмес)
3. Изилдөө сунушу: Сунушталган изилдөө кандайдып бир тарыхый маселени, суроо же көйгөйдү камтып, эмне үчүн ал маанилүү экендигин изилдейт; изилдөөнүн аткарылышы боюнча план; жана сунушталган изилдөө Кыргызстанда тарыхты изилдөөгө жана көп түрдүүлүк маселесинде Кыргызстандын тажрыйбасын түшүнүүгө кандай салым кошкондугун түшүнүү. (750 cөздөн көп эмес)
4. Пландаштырылган изилдөө иш-чараларын жана 750 АКШ долларга чейинки чыгымдарды камтыган деталдуу бюджет
5. Талапкерге илимий же профессионалдык мүнөздөмө (1 даана). Талапкерлер мүнөздөмө формасынын «А» бөлүгүн толтуруп, мүнөздөмө берүүчү тарапка жибериши керек. Мүнөздөмө берүүчү мүнөздөмө формасын толтурган соң, электрондук түрдө Плюрализм боюнча глобалдык борбордун түздөн-түз жибериши керек.
Толтурулган өтүнмөлөрдү Асель Абдыраманова (assel.kubanysh@gmail.com) аркылуу Плюрализм боюнча глобалдык борборго жибериңиздер. Кошумча маалымат үчүн Асель Абдырамановага жана Ош МУнун Тынчтык изилдөө борборунун жетекчиси Расул Абазбек уулуга (тел.: 0773410379, почта: rasselabazbek@gmail.com) кайрылыңыздар.
Өтүнмөлүрдү кабыл алуу: 18-март, 2016-ж. чейин
Долбоордун шериктештери жөнүндө кеңири маалымат үчүн:
• Борбор Азияны изилдөө институту: https://auca.kg/en/casiabout/
• Борбор Азияны изилдөө боюнча Француз Институту (БАФИ) IFEAC): www.ifeac.hypotheses.org
• Бишкектеги ЕККУ Академиясы: www.osce-academy.net
• Бишкек Гуманитардык Университети: //www.bhu.kg
• Ош Мамлекеттик Университети: //www.oshsu.kg
• Плюрализм боюнча глобалдык борбор: www.pluralism.ca
Толук маалымат алуу үчүн Шилтеме ден алыңыздар, мүнөздөмө формасын Шилтеме ден алыңыздар, өтүнмө формасын Шилтеме ден алыңыздар!
3396 17:16 26-02-2016

                 

Объявления

3770 11:36 15-01-2018

международный конкурс от МПГУ на получение финансирования индивидуальных научно-исследовательских проектов

“Чет өлкөлөрдөгү маданий-адеп-ахлахтык өзгөчөлүктөр кандай?” деген темадагы талкууга чакырабыз.

3907 13:22 25-11-2017

Открыт конкурс программы МАШАВ Израильского агентства по развитию международного сотрудничества при МИД Государства Израиля

4888 16:12 21-11-2017

Отдел академической мобильности Актюбинского регионального государственного университета им. К. Жубанова сообщает, что открылся набор на обучение по программам обмена (академической мобильности/включенное обучение) в весеннем семестре 2017-2018г.

5177 11:48 31-10-2017

Отдел академической мобильности Университета Нархоз сообщает, что открылся набор на обучение по программам обмена (академической мобильности/включенное обучение) в весеннем семестре 2017-2018г.

4077 10:06 31-10-2017
|< 1 2 3 4 5 >|