Новости

ОшМУда “Татыктуу ишке кадам” аттуу бош орундар жарманкеси болуп өттү.

Ош мамлекеттик университетинин базасында 25-октябрь күнү “Татыктуу ишке кадам” деген аталыштагы бош орундар жарманкеси өттү.
Жарманке Эл аралык ИНТРАК борбору, КРдин Ф.Эберт фондунун өкүлчүлүгү, Ош мамлекеттик университети, Ош шаардык калкты иш менен камсыздоо башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Ошондой эле жарманкени уюштурууга Ош шаардык мэриясынын Жаштар комитети, КРдин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ош шаардык калкты калкты иш менен камсыздоо башкармалыгы жана Жаштардын эмгек биржасы, КРдин кесиптик кошундарынын федерациясынын Жаштар кеңеши, Эл аралык “Интербилим” борборунун Ош шаарындагы филиалы, “Youth of Osh” коомдук бирикмеси да тартылган. Аталган иш чаранын ачылыш аземине Ош шаарындагы алдыңкы мекеме ишканалардын, бизнес түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын, жогорку жана орто окуу жайлардын, кесиптик техникалык лицейлердин жетекчилери катышышты.
Бош орундар жарманкесинде Ош шаарынын, Ош облусунун район, шаарларынан жана Бишкек шаарынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, ири өнөр жайлардан, мекеме, ишканалардан, уюмдардан, компаниялардан алынган 2500 дөн ашуун бош жумуш орундары жумуш издөөчүлөргө, Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө сунушталып жаткандыгы айтылды.
Жарманке жумуш берүүчүлөрдүн адис менен камсыздалуу маселесине көмөктөшүү, жумуш изилдөөчүлөргө ылайыктуу иш орундарын сунуштоо, окуу жайлардын жумуш берүүчүлөр менен байланышын күчөтүү максатында уюштурулду.
“Бош орундар жарманкесин өткөрүүнүн негизги максаты жумуш издеген бүтүрүүчүлөргө мекеме, ишканаларда, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы бош орундар жөнүндө ачык-айкын маалымат берүү, окууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат”,-деди ОшМУнун Карьера борборунун жетекчиси Гулмира Жакыпова.
Жарманкенин экинчи бөлүгүндө ОшМУнун Карьера борборунан Г.Жакыпова, К.Ромашов “Жумушту кантип тапса болот?”, “Youth of Osh” коомдук бирикмесинен Дастан Үмөтбай уулу “Эмгек келишими деген эмне?”, КРдин кесиптик кошун федерациясынан Елени Чуб, Н. Джаналиев “Кесиптик кошун деген эмне?”, Эл аралык “Интербилим” борборунун Ош шаарындагы филиалынан Г.Суванова, С.Рассоходжаев “Жумуштагы дискриминациядан кантип коргонуу керек?” деген темалардын алкагында маалымат беришип, талкуулар жүрдү.
2624 15:51 01-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|