Новости

Бүгүн Ош мамлекеттик университетининин базасында Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы менен биргеликте “Бош орундар -2017 ” жарманкеси өткөрүлдү.

Жарманкени Ош мамлекеттик университетинин ректору проф. К.А.Исаков ачып берди. Ош шаардык мэриясынын өкүлү жана Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Анарбаева Дина Турманбетовна сөз сүйлөштү. Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдөн: Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору, проф. Зулуев Бекмырза Бекболотович, БиМ факультетинин бүтүрүүчүсү түштүк аймактык KICB банкынын директорунун орун басары Анарбаев Арстан Акимжанович, ОшМУнун медициналык факультетинин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын президенти Абдуллаев Азамат сөз сүйлөштү. Иш берүүчүлөрдөн: Ош шаардык адвокатурасынын адвокаты Карабаева Айсалкын Раевна, Саламаттыкты сактоонун Ош областтык координатору Нарынбаева Эльмира Балтабаевна сөз сүйлөштү. Жарманкенин экинчи бөлүгүндө ОшМУнун медициналык факультетинин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын президенти Абдуллаев Азамат Ош МУнун ректору, проф. К.А.Исаковго жана Карьера борборунун жетекчиси Г.Жакыповага Ыраазычылык кат берди. “Бош орундар” жарманкесине Ош шаарынын, Ош областынын район, шаарларынан жана Бишкек шаарынан алынган 5000 миңге чукул бош жумуш орундары жумуш издөөчүлөргө, Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө тартууланды.

3635 18:51 30-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|