Новости

Бүгүн Ош МУнун Бизнес жана менеджмент факультетинде Болочок адистердин рыноктогу иш берүүчүлөрдүн талабына ылайык сыпаттык жөндөмдөрүн аныктоо аттуу талкуу болуп өттү.

Талкууга: Бизнес жана менеджмент факультетинин жалпы студенттери жана Жаш Ишкерлер Ассоциациясынын төрагасы Парпиев Жасур, Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү Назаралиев Дениз, "Biz Expert" коомдук бирикмесинин эксперти Осмоналиев Мыктыбек, "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фондунун өкүлү Эргешов Максатбек, АКБ Кыргызстан банкынын кредиттик бөлүмүнүн кызматкери Б.Болотбеков катышты. Иш берүүчүлөр өздөрүнүн аткарып жаткан иштери жана кандай кадрлар рынок экономикасынын талабына ылайык экендиги жөнүндө презентация жасашты. Талкуунун экинчи бөлүгүндө студенттер менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда суроо-жооптор каралды.





2097 19:15 23-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|