Новости

«Таза коом – таза чөйрө» экологиялык акциясы

2018-жылдын 6-апрелинде кыргыз-европа факультетинин “туризм” багытынын студенттери жана окутуучулары Кыргыз Республикасынын “Таза коом” долбоорун колдоо максатында “Таза коом – таза чөйрө” аттуу экологиялык акция уюштурушту. Анын алкагында Ак-Буура дарыясынын жогорку агымындагы адамдар эс алуу үчүн көп чыккан Чулдук чөлкөмү ар кандай таштандылардан тазаланды. Ошондой эле жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнү таза кармоо, таштанды чыгаруу маселелери боюнча талаа окуусу өткөрүлдү. Акциянын жүрүшүн "Ош-пирим" телеканалынын журналисти тартып, кечкисин жаңылык катары көрсөттү.
3564 16:53 06-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|