Новости

Кыргыз-европа факультетинин студенттери Ходженд мамлекеттик университетинде болушту

2017-жылдын 21-23-ноябрь күндөрү эл аралык укук, бизнес жана туризм кафедрасынын башчысы А.Низамиевдин жетекчилиги астында кыргыз-европа, эл аралык мамилелер жана бизнес жана менеджмент факультеттеринин студенттери эки университеттин ортосундагы кызматташтык келишим боюнча Ходженд мамлекеттик университетинде болуп келишти. Бул достук жүрүшүнө кыргыз-кытай факультетинин деканынын орун басары Усон уулу М. жана табият таануу-география факультетинин профсоюз уюмунун жетекчиси Султанов Ж. катышышты. Ал жерде ХМУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор А.И.Рахимов жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Азизов А.Х. жылуу кабыл алып, мындан аркы иш-милдеттер, академиялык мобилдүүлүк боюнча алгачкы кадамдар талкууланды. Студенттер Гулистан шаарындагы “Бахорстан” санаторийинде жайгашып, санаторийдик-курорттук тейлөөнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышуу менен тажик меймандостугун көрүүп кайтышты.
1797 09:59 25-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|