Новости

Кыргыз-европа факультетинде 1-курстарды студенттикке кабыл алуу болду

2017-жылы 18-ноябрда Студенттердин эл аралык күнүн улай кыргыз-европа факультетинде 1-курсту студенттикке кабыл алуу аземи болуп өттү. Кечеге факультеттин студенттер жана профессордук-окутуучулук жамааты менен кошо ректор К.Исаков баш болгон университеттин жетекчилиги катышты. Салтанаттын жүрүшүндө факультеттин деканы Мараш-Оглы Ш.В. факультет жөнүндө презентация жасап, алдыдагы милдеттер боюнча айтып кетти. Университеттин ректору К.Исаков жана окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Р. жаңы факультеттин ачылуу себеби, азыркы кездеги мааниси жана келечеги боюнча кеңири сүйлөп өтүштү жана студенттерге ак жол каалоо менен билим ачкычын жана зачеттук китепчелерди тапшырышты. Салтанаттуу азем салттуулук менен жаңылык коштогон концерттик программа менен коштолду.
1837 12:32 20-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|