Новости

ОшМУда суу майрамы уюштурулат!

ОшМУдагы ай сайын бирден спорттун түрү боюнча мелдеш ушул айда да уланат. Күндүн ысыктыгын, окуу жылынын аякташын эске алып, студенттерибиз менен кызматкерлерибиз жыл бою окуп-иштеп чарчашты, эми бир сууга түшүп, табияттын таттуу койнунда эс алышсын деп, бул айга сууда сүзүү боюнча мелдешти пландаганбыз. Бектемир Мурзубраимов ректор кезинде Мамакеев тараптан “Ак-Буура” деген эс алуу зонасын университетибиз үчүн алып койгон экен (бассейн, футбол, волейбол аянтчасы, бак-дарагы, бий аянты, сөөрүлөрү (чарпая), эң негизгиси Ак-Буура дарыясы шаркырап агып турат). Ошол жерде 17-июнь күнү студенттер үчүн (кыздар, балдар), ал эми окутуучу-кызматкерлер үчүн (агайлар-эжекелер) 18-июнда саат 12:00дөн 20:00гө чейин сууга түшүп, волейбол, баскетбол ойноп, ырдап-бийлеп, шишкебек сындуу түрдүү даамдарды жасатып, айтор, бул күндөр ОшМУдагылар үчүн чер жазчу күндөр. Албетте, күндүн ачыктыгын да тилейли. Эс алууну каалагандар факультетиңердеги декандын тарбия иштери боюнча орун басарларына же ОшМУнун сууда сүзүү боюнча федерация президенти Гүлжамал Анарбаевага кайрылсаңыздар болот.
3785 13:37 10-06-2014

                 

Новости

|< 1 2 >|