Новости

Март айындагы улуттук спорттук мелдеш шаарлыктарга көрсөтүлдү

Ар бир айдагы спорттук мелдеш бул саам Нооруз майрамына туш келип, улуттук спорттук оюндар менен коштолду. Алымбек датка этнографиялык эс алуу борборунда 20-март күнү ордо, кол күрөш, аркан тартыш, таш көтөрүү, күрөш боюнча окутуучулардын жана студенттердин арасында факультеттер аралык уюштурулуп, шаардыктарга улуттук майрам тартуулай алды. Жеңүүчүлөргө ректорат тарабынан акчалай сыйлыктар, дипломдор тапшырылып, жыйынтыгында жалпы командалык 1-орунга табият таануу жана география, 2-орунга медицина, 3-орунга БиМ факультетинин спортчулары ээ болушту.
3075 10:55 26-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 >|