Анонс

Урматтуу структура жетекчилери!

Алдыбыздагы даярдалып жаткан программаларды көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү процедурасында бүтүрүүчүлөр менен иштин мазмунуна, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуу көрсөткүчүнө (окууну бүткөндөн 1-жылдын ичинде) абдан маани берилет. Ушул багыттагы ишке карата КРнын ББ жана ИМ атайын методика иштеп чыкты (Методика отслеживания трудоустройства выпускников образовательных организаций высшего профессионального образования КР) жана ал бекитилди ( Шилтеме ). Бул документти окуу жайлар өз ишмердигинде пайдаланууга тийиш. Ошондуктан, документти тыкыр үйрөнүп, быйылкы окуу жылы үчүн үчүн иш-чара түзүү талап кылынат. Бүтүрүүчүлөр (4-курстар) үчүн жүргүзүлүүчү сурамжылоо (2-тиркеме) планга киргизилип, анын аткарылышына жооптуулар дайындалышы зарыл. Бекитилген иш планды жана бул документ боюнча суроолор пайда болсо ББСДга кайрылыңыздар.
2238 13:57 15-11-2016

                 

Анонс

|< 1 2 3 4 5 >|