Анонс

EDUCA проекти боюнча мониторинг

Евробиримдиктин TEMPUS EDUCA долбоорунун ОшМУда ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү максатында ОшМУга долбоордун координатору доктор Карлос Мачадо келип, МИТФда “Билим берүү менеджменти” магистрдик программасынын, “математика” бакалавриат программасынын иштери менен таанышты. ОшМУнун жетекчилиги, EDUCA долбоорунун ОшМУдагы жумушчу тобу, аталган программаларда билим алып жаткан студенттер, аларга билим берип жаткан профессордук окутуучулук курам менен жолугушту, интервью жүргүздү, көптөгөн суроолорго жооп берди. Ошондой эле долбоордун алкагында ОшМУга алынган жабдуулар (сервер, сканер), кошо каржылоо катары алынган жабдуулар кандайча иштеп жаткандыгын көрүп, AVN ИСнын окуу процессинде колдонулуп жаткандыгына күбө болду. Мониторингдин жыйынтыгы EDUCA долбоорунун финалдык жыйынында (27-30-март, Бишкек) чыгарылат.
2500 13:59 04-03-2015

                 

Анонс

|< 1 2 3 4 5 >|