Анонс

Аспирантурага кабыл алуу жарыяланат

      Ош мамлекеттик университети 2016-жылга өндүрүштөн ажыратып жана ажыратпастан аспирантурага кабыл алууну жарыялайт.
       Документтер 2015-жылдын 1-октябрынан 1-ноябрына чейин кабыл алынат.
      Кирүү сынактары 2015-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин адистик, илимдин философиясы жана тарыхы, чет тили боюнча жүргүзүлөт.
    Кошумча маалыматтар үчүн Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратындагы Илим жана аспирантура бөлүмүнө (136-каана, тел.: (03222) 7-43-25, 2-31-63) кайрылсаңыздар болот.

Аспирантурага тапшыруу үчүн талап кылынган документтер:
1. Ректордун атына арыз.
2. Өмүр баяны.
3. Жогорку окуу жайын бүткөндүгү тууралуу дипломунун көчүрмөсү (нотариуста тастыкталган).
4. № 086 – У формасындагы медициналык справка.
5. Илимий жетекчинин макулдугу.
6. Жарыкка чыккан илимий макалалардын көчүрмөсү. Эгерде илимий макаласы басмадан чыга элек болсо, анда адистиги боюнча жазылган реферат.
7. 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт.
8. Өздүк баракча.
9. Кафедранын кеңешмесинин протоколунун көчүрмөсү.
10. Факультеттин Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин көчүрмөсү.
4315 09:46 06-10-2015

                 

Анонс

|< 1 2 3 >|