Новости

Илим күнүнө арналган конференция өткөрүлдү

2014-жылдын 22-ноябрында илим күнүнө арналып ОшМУнун кафедраларынын илимий багыттарын каттоо карточкаларындагы темалары боюнча жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары талкууланган конференция өткөрүлдү. Мындай конференция ОшМУда 2-ирет өткөрүлүп жатат (1-жолу 2013-жылдын 14-ноябрында өткөрүлгөн). Конференцияда кафедра башчылары, илимий темалардын жетекчилери тарабынан 55 баяндама жасалды. Илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 4 секцияда суроо-жооптор активдүү берилип, кызуу талкуулар жүрдү. Иш-чаранын жыйынтыгында, 15 баяндама мыкты деп табылды жана мындай конференциянын өткөрүлүшү илимий-изилдөө иштеринин өнүгүүсүнө, илимий байланыштарды күчөтүүгө шарт түзүп, өбөлгө жаратаары белгиленди.
2929 09:38 25-11-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 >|