Новости

ОшМУда өткөрүлгөн «Ачык эшик» майрамына эл аралык медицина факультети активдүү катышты.

2018-жылдын 21-апрелинде ОшМУнун кесипке багыттоо иш-аракетинин алкагында салтка айланып өткөрүлүп келе жаткан “Билим майрамына” карата университетибизде өзгөчө майрамдык кун белгиленди. Шаардан жана областардан, райондордон келген окуучулар кесип тандоо боюнча кенен маалыматтарга ээ болуп, өзгөчө шанга бөлөнгөн, майрамдык маанайга ыр-кулку, оюн-зоокторго күбө болушту. Ошону менен катар эл аралык медицина факультетинин деканы, профессор Муратов Ж.К. жана декандын орун басарлары Джумаева Л.М., Атабаев И.Н. баштаган профессордук окутуучулар жана студенттер жамааты тарабынан атайын бөлүнгөн аянтка көргөзмө уюштурулуп, факультеттин баардык адистиктери, өзгөчөлүктөрү жана жетишкендиктери жөнүндө жазуу, фото , видео маалыматтар, о.э медициналык аппараттар менен жабдуулар демонстрацияланып, факультеттин ар бир адистиктери боюнча келген конокторго маалымат китепче таратылды. Аталган иш чарага факультеттин жамааты активдүү катышышты.
3547 14:47 21-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|