Новости

Физика-математика илимдеринин доктору Абдикерим Курбаналиевдин 2017-жылдын илимий иш сапары.

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын проффессору, физика-математика илимдеринин доктору Абдикерим Курбаналиевдин 2017-жылдын 4 сентябрынан 13- сентябрына чейинки илимий иш сапары боюнча отчету. 2017-жылдын Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында 5-сентябрдан башталып, 8-сентябрга чейин уланган , «Газоразрядная плазма и ее применение» аттагы Эл аралык конференцияга катышып, «Математическое моделирование процесса тепловыделения при электродуговой сварке» жана «Математическое моделирование электродуговой сварки в пакете OpenFOAM» деген эки илимий баяндама жасаган. Ошондой эле бул конференцияда «Моделирование плазменных процессов» деген илимий секцияда төрагалык кылган. Мындан сырткары конференцияда өткөн Россия илимдер Академиясынын Сибирь бөлумунун теориялык жана колдонмо механика институтунун илимий кызматкерлери ,профессорлор В. К. Баев , В. М. Фомин, А. Ф. Курбацкий, О. П. Солоненко, Улуу Петр атындагы Санк-Петербург политехникалык университетинин профессору Д. В. Иванов, япониядан келген доктор К. Такеда менен илимий багытты баарлашып, пикир алмашып, болочок кызматташуу жонундо талкууланды. Илимий иш сапарында экинчи бөлугу Бишкек шаарында өттулгөн. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган 9-класс учун «физика» предмети боюнча окуу-усулдук комплекстерди даярдоо конкурсуна катышып, женүучу болгон. Министрликтин аталган проект боюнча координатору Улан Мамбетакунов жана Кыргыз Билим берү Академиясынын өкулу Бибисара Бекмаматова менен жолугуп ,Абдикерим Курбаналиев мучо болгон автордук коллектив тарабынан даярдалып , министрликке тапшырылган окуу-усулдук комплекстин азыркы учурдагы абалы жонундо талкулоо болгон. Алардын маалыматы боюнча даярдалган окуу-усулдук комплекс министрлик тарабынан тузулгон эксперттик комиссиянын оң чечиминин негизинде жана Кыргыз Билим берүү Академиясынын окумуштуулар кенешинин чечими ылайык басмаканага терүүго берилген. Устубуздогу жылдын октябрь-ноябрь айларында мектептерге таратылып, окуу жылынын аягына чейин сыноодон өтүү менен, тактоо жана толуктоо жургузулө тургандыгы маалым болду. Мындан сырткары окуу-усулдук комплекстин акыркы варианты 2017-2018 окуу жылына даярдоо пландаштырылып жатат.
4179 13:41 20-09-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|