Үй-бүлөлүк дарыгерлердин II курултайына кош келиниздер!
16:39
КРдин саламаттыкты сактоо министрлигинин, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, ОшМУнун жана башка бир нече уюмдардын жетекчилиги менен Ош шаарында биринчи жолу 2017-жылдын 18-19-майында Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайы өткөрүлгөнү жатат.
1996-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер институту иштей баштаган. Учурда 64 үй-бүлөлүк медицина борбору, 28 жалпы дарыгердик практикалоо борбору, 1640 үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 4328 медайым эмгектенет.
Үй-бүлөлүк дарыгерлердин курултайында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эң мыкты дарыгерлери, КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дарыгерлери өз ара тажрыйба алмашат.
Бул курултай үй-бүлөлүк дарыгерлердин, педагогдордун саламаттыкты сактоо жетекчилеринин ортосундагы ынтыкмактын жана достуктун платформасы болуп калат деген ишеничтебиз.
Өлкөбүздүн эң күнөстүү жана меймандос Ош шаарында өткөрүлуп жаткан үй-бүлөлүк дарыгерлердин II курултайына кош келиниздер!
3789 16:39 15-05-2017