Новости

Эл аралык медицина факультети "Билим майрамында"

2017 жылдын 11-май күнү Ош мамлекеттик университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагындагы уюштурулган “Билим майрамы” аттуу аземге эл аралык медицина факультетинин студенттери жана окутуучулар жамааты активдүү катышышты. Аталган майрамга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектеп бүтүрүүчүлөрү катышып, кесип тандоо боюнча кенен маалыматтарга ээ болушту. Өзгөчө, майрамга келген ата-энелер, мектеп мугалимдери шанга бөлөнгөн майрамдык маанайга ыр-күлкү, оюн-зоокторго күбө болушту. Факультеттин студенттери кыргыздын ыр-бийлерин мыкты аткаруу менен аталган иш чарага активдүү катышышты. Келген абитуриенттерге уюштуруучулар тарабынан ОшМУ тууралуу маалыматтар таратылып, эл аралык медицина факультетине ЖРТ нын негизинде “Дарылоо иши” адистигине англис тилинде окууга шарттар бар экендиги жөнүндө маалымат берилди.
4055 10:03 12-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|