Поздравления

"Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!" аттуу жөө жүрүш.

5-март кыргыздын "Ак калпак" күнүнө карата физика-техника факультетинин Жаштар комитети тарабынан уюштурулган шаардык деңгээлде 100гө жакын студенттен турган топ ОшМУнун атынан жаңырган "Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!" деген ураан менен жөө жүрүш жасашты. Жөө жүрүштү көргөн мекендештер кол чабып колдоого алышып патриоттуулук сезимди көтөргөн сөздөрдү айтышты жана патриот жаштар бар экенинен сыймыктанарын айтышты. Жүрүш ОшМУнун башкы корпусунан башталып студенттик жатаканга, Наваи паркына, Алымбек Датка эс алуу жайына андан соң Ленин көчөсү менен Мэрияны көздөй багыт алды. Жөө жүрүш убагында Алымбек Датка эс алуу жайында "Элим барсыңбы" аттуу фондуна жана Мэрияда өткөн иш-чарага өздөрүнүн салымдарын кошушту. Бул саамалык факультеттин деканаты, ОшМУнун жаштар комитети, ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан мактоого татыды.
1562 19:07 18-05-2016

                 

Поздравления

|< >|