Новости

“Философия жана политология” кафедрасы “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата билим берүүнүн жана маданияттын абалын аныктоо боюнча социологиялык сурамжылоо жүргүздү

ОшМУнун “Философия жана политология” кафедрасы тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата Ош облусунун аймактарындагы жашаган 16 жаштан 70 жашка чейинки курактагы адамдардын билим берүү жана маданият тармактарындагы жашоо шартынын абалын аныктоо боюнча социологиялык изилдөө жүргүзүлдү.

  • Максаты: Социологиялык изилдөөнүн максаты: билим берүү жана маданият тармактарында айыл тургундарынын жашоо шартынын деңгээлин көтөрүү үчүн факторлорду аныктоо.
  • Милдеттери:

1. Жашоочулардын билим деңгээли менен таанышуу.

2. Жашоочулардын өз пикирлерин билүү

3. Алынган маалыматтарды иштеп чыгуу

4. Социологиялык изилдөөнүн тыянактарын чыгаруу

5. Отчет берүү

I. Социологиялык изилдөөнүн обьектиси: аймактардагы айыл тургундары (жашоочулары)

II. Социологиялык изилдөөнүн предмети: алардын жашоо абалы, билим берүү системасын жана айыл (аймак) маданиятын өнүктүрүү жөнүндө ой-пикирлери.

Кафедра мүчөлөрү түзүлгөн анкета боюнча Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң Алай, Кара-Кулжа, Араван райондорунда социологиялык сурамжылоо жүргүзүштү.

2124 13:01 13-06-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|