Новости

“Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык идеялар” аттуу студенттер аралык илимий семинар

24-апрель күнү, саат 14:00дө МИТ факультетинин 327-аудиториясында философия жан политология кафедрасы “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык идеялар” аттуу студенттер аралык илимий семинарын ийгиликтүү өткөрдү. Семинарды ачып берүү үчүн илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы ф.-м.и.к.,доцент Анарбаева Гүлжамал Маматовна чакырылып, эжеке өз каалоо-тилектерин айтып, семинарды ачып берди. Андан сырткары студенттердин илимий докладдарын баалоо үчүн сырттан ф.и.к., доцент Ө. Акматов жана ф.и.к., доцент Б. Абдылакимова чакырылган. Алар студенттердин эмгектерин адилеттүү баалап,сунуш-пикирлерин билдиришти. Семинардын жыйынтыгында эң мыкты деп аталган докладдын ээлерине доцент Г. Анарбаева сыйлыктарын тапшырды. I жана II орундарга Тарых-юридика факультетинин студенттери Сапарали кызы Бурабия жана Сүйүнбаева Мадина, III орунга Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Абдыкадыров Кутман ээ болушту. Бул иш чаранын аягы концерттик программалар менен коштолду. Сүрөткө түшүү аземи да эстен чыккан жок.

1855 10:51 25-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|