Новости

Мевлана программасы боюнча Тарых факультетинен 7 студент Түркияга окуу үчүн экзамен тапшырды

15-март күнү Тарых факультетинен 7 студент жана 1 окутуучу Мевлана программасынын алкагында Түркиянын ЖОЖдоруна окуп, тажрыйба алмашуу максатында атайын сынакка катышышты. Алар буга чейин университетибизде жүрүп жаткан түрк тили боюнча курстарга катышып, тиешелүү документтерин даярдашкан болчу. Эми Түркия тарап уруксат берсе бул катышуучулар 2016-17-окуу жылында Түркиянын ЖОЖдорунан билимин өркүндөтүп келишмекчи.
4725 12:44 20-03-2016

                 

Новости

|< 1 >|