Новости

Өндүрүштүк практикага багыт берүүчү конференция

        МИТ факультетинде 201-аудиторияда саат 15.00 дө өндүрүштүк практикага багыт берүүчү конференциясы уюштурулду. Жалпы МИТ факультети боюнча ИСТ, АСОИ, ПОВТАС, КМИ, ПИ багыттары боюнча 2-курстун студенттери жана ПИ багытынын 1-2-3-4- курстарынын студенттери, агай-эжекелер катышты.  Конференцияны МИТ факультетинин практика башчысы Айтбай кызы Айгүл ачып, өндүрүштөр менен байланыш департаментинин  директору Т. Матикеевге, кафедра башчылары А. Сопуевге, К. Ободоевага, М. Чамашевге сөз берди. Андан сырткары ар бир кафедрадан белгиленген практика жетекчилери да сөзгө чыкты. Жалпысынан студенттер практикага байланышкан маалыматтарды алып, өз суроолоруна жооп алышты.  

1786 12:12 31-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|