Новости

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде «Эл баасы» аккредитациялык агенттигинин 2-стандарт боюнча семинары өткөрүлдү.

2017-жылдын 10-октябрында МИТФда аккредитацияга карата өздүк баалоонун отчетун даярдоо боюнча жумушчу тобуна «Эл баасы» аккредитациялык агенттиги 2-стандарт боюнча семинар өткөрдү.

Семинарда төмөнкү маслелер каралды:

· ОшМУнун миссиясына шайкеш келген жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп бере турган кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө багыттардын, программалар-дын жана адистиктердин Негизги билим берүү программаларын (НББП) иштеп чыгуу жана бекитүү;

· Окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын аныктоо, НББП боюнча окуу планды кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алуу менен түзүү, практикалардын бардык түрлөрүн эффективдүү пайдалануу, бүтүрүүчүнүн квалификациялык мүнөздөмөсүн түзүү;

· Студенттердин окуу жүгүнө, жетишүүсүнө жана бүтүүсүнө иш берүүчүлөрдү катыштыруу аркылуу байкоо жүргүзүүнү жана мезгили менен баалоону уюштуруу маселелери;

· Студенттердин жана жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү программасы боюнча окутуудан күтүүлөрүнө, керектөөлөрүнө жана канааттангандыгына анкетирлөө методу менен аныктоо жана алынган жыйынтыктарды окутуу процессин өркүндөтүү үчүн колдонуу;

  • Илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын окуу процессинде колдонуу.
2571 10:42 13-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|