Новости

МИТ факультетинин магистранты ЮУрГУ’да
академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окуусун улантууда

ИСТ программасынын 1-курсунун магистранты Нурсултан Жолдошев Россиянын Челябинск шаарындагы Түштүк Урал мамлекеттик университетинде (ЮУрГУ–Южно-Уральский государственный университет) академиялык мобилдүүлүк келишими боюнча 2016-2017-окуу жылынын сентябрь айынан тартып билим алууда.

2016-жылдын 6-декабрында ЮУрГУда 10 мамлекеттин спортчулары катышкан спартакиада болуп, ага Кыргызстандын атынан катышкан команданын курамын биздин магистрант Жолдошев Нурсултан да толуктады. Кыргызстандын командасы атаандаштардын арасында 2-орунга чыгып, өлкөбүздүн желегин желбиретишип, жеңишке ээ болушту.

Жалпы жамааттын атынан ОшМУнун магистранты Нурсултан Жолдошевдин окууларына ийгилик каалайбыз.

2632 17:09 20-12-2016

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|