Анонс

ОшМУнун методкеңешинин жыйынтыктоочу отуруму

ОшМУнун Методикалык кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибинде "ОшМУнун мыкты лектору-2014", "ОшМУнун мыкты окутуучусу-2014" конкурстарынын жалпы жыйынтыктары, Ош медколледжинин усулдук кеңешинин жылдык отчету каралды. 1. ОшМУнун 75 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн “Мыкты окутуучу”, “Мыкты лектор” конкурстарынын жыйынтыгы жөнүндө проф.М.Алтыбаева билдирүү жасады. “Мыкты окутуучу-2014”, “Мыкты лектор-2014” конкурстарынын финалдык туру 2 көрсөткүч боюнча өткөрүлө тургандыгы конкурстун жобосуна ылайык алдын ала белгилүү болгон. Конкрустук комиссиянын мүчөлөрү эки көрсөткүч боюнча конкурсанттарга өздөрүнүн индивидуалдык баллдарын коюп беришти. Ал сандык маалыматтардан орточо маанилер эрежеге ылайык эсептелип, конкурстардын хит парады түзүлдү (хит парад 1-2-таблицалар тиркелет Шилтеме ). Конкурстун сыйлык фонду төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: 1-орун – 12000 сом, 1-даражадагы диплом; 2-орун – 10000 сом, 2-даражадагы диплом; 3-орун – 8000 сом, 3-даражадагы диплом. Конкурстун калган катышуучуларынын баары ОшМУнун Ардак Грамотасы менен сыйланышат. Андан тышкары окутуучулук кызмат ордундагы конкурсанттарга улук окутуучулукту берүү жөнүндө усулдук кеңеш ректоратка сунуштама берет. Конкурсту уюштуруу, анын жыйынтыгын чыгаруу идеалдуу болду деп айткандан алысмын, бирок жылдан жылга алдыга жылуулар, конкурсанттардын деңгээли ар тараптан кыйла жогорулагандыгы байкалап турат. Бул конкурстар салт болуп кала бериши керек, бирок жаңы көп баскычтуу билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап, конкурстун жоболорун жана өткөрүү тартибин кайрадан корректирлөө зарылдыгы бар. Ал документтер сентябрга даяр болууга тийиш. Метод кеңештин мүчөлөрүнүн жогоруда айтылгандар боюнча пикирин угуп, талкуулап, тиешелүү тыянакка келишибиз керек. 2. ОшМУнун алдындагы медициналык колледждин методкеңешинин жылдык отчету. Жогорудагы маселелер кеңири талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
2936 16:28 13-06-2014

                 

Анонс

|< >|