Анонс

“Заманбап мектепте табигый-илимий билим берүү тармагынын концепциясы” темасында Бишкек шаарында өткөн семинар-тренинг жөнүндө

16-18-ноябрь күндөрү аталган концепцияны талкуулоо боюнча КРнын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, КББАнын адистери, Бишкек шаарындагы мектептерде табигый-илимий циклдин предметтеринин мугалимдери, ЖОЖдун окутуучулары, ошондой эле КРнын ББМдин алдындагы Окуу методикалык бирикменин төрагасынын орун басары М.Алтыбаеванын жана эл аралык эксперт, Россия ББАнын (РАО) экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча илимий-проблемалык кеңешинин мүчөсү, п.и.к. Н.И.Корякинанын катышуусунда семинар-тренинг болуп өттү. Анда КРда билим берүүнүн мазмунун реформалоодогу абал, жетишкендиктер, кыйынчылыктар, реформаны илгерилетүүнүн жолдору, мектепте табигый-илимий (ТИ) дисциплиналарды окутууну реформалоонун эл аралык практикасынын анализи, КРде ТИ билим берүүнүн концепциясы, ТИ дисциплиналарын түзүүнүн негизги принциптери жана мазмундуу багыттары жөнүндө сөз болду. Албетте, негизги жана профилдик мектепте бул дисциплиналарды окутууну ишке ашыра турган мугалимдерди даярдоо процесси да унутта калган жок. ОшМУда жаңы муундагы ЖКББнын МББС боюнча кандай иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө жетиштүү маалымат берилди жана кызуу талкуу жүрдү. Семинар-тренингдин жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө карата 9 багыттагы атайын жумушчу топ түзүлдү. Алардын ишинин жыйынтыгы 1 айдын ичинде тиешелүү чөйрөгө маалымдалмак болду. Тиркемеде “КРде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты” (1-б. Шилтеме , 2-б. Шилтеме ), “КРде жалпы билим берүүчү мектептерде табигый билим берүүнүн концепциясы” ( Шилтеме ) келтирилет.
3304 15:02 21-11-2014

                 

Анонс

|< >|