Новости

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларына уюшулган курстар

Ош мамлекеттик университети педагогикалык адистерди гана даярдабастан, педагогдордун кесиптик чеберчилигин арттыруу жаатында да алгылыктуу иштерди жасоо демилгесин колго алып, бул багытта өз ишмердүүлүгүн жүрүзүүдө. ОшМУнун кадрдык потенциалы жана материалдык-техникалык базасы педагогдордун өз кесиптик билимин өркүндөтүү жана аларга методикалык жардамдарды көрсөтүүгө толук шарт түзүп бере алат.

Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдорун заманбап, коомдун талабына жараша жаңыча окутуу – бул мезгилдин койгон талабы. Бул талап биздин педагогдорго кесиптик чеберчилигин андан ары жогорулатуу муктаждыгын жаратты. Ага далил, жакында эле, 2015-жылдын декабрь айында Баткен жана Лейлек районунун мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары жана тарбиячылары өздөрү демилге көтөрүп Ош мамлекеттик университетине келишип, билимин өркүндөтүү курстарында окуп кетиши.

Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду менен биргеликте балдардын келечеги үчүн алгылыктуу эмгектерди жасап жатат. Мындай кадамдардын бири “Балдарды эрте жаштан өнүктүрүү жана өстүрүү” программасы. Бул программа Орто Азия мамлекеттеринин арасында Кыргызстанда алгачкылардан болуп ишке киргизилди. Долбоордун алкагында Кыргызстанда жаңыдан ачылган балдар бакчаларынын жана жааматтык балдар бакчаларынын башчыларына, тарбиячыларына балдарды эрте жаштан өнүктүрүп өстүрүү боюнча жардам берүү максатындагы бир нече семинар-тренингдер уюштурулмакчы. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана ЮНИСЕФ эл аралык уюму бул программа боюнча семинарларды уюштурууга Ош мамлекеттик университетинин Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтуна ишеним көрсөттү. Азыркы учурда ЮНИСЕФ бала бакчалардын тарбиячыларынын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, тагыраак айтканда, мектепке чейинки билим берүүдө толеранттуулук жана тынчтыкты куруу темаларын көңүлдүн борборуна коюу жана окуу программаларына киргизүү жаатында аракеттерди жүргүзүп, бул багыттагы ишмердүүлүгүндө Ош мамлекеттик университетин негизги өнөктөшү катары көрсөттү.

Максаты педагогикалык кадрлардын потенциалын көтөрүү, билим берүүнү андан ары жакшыртуу менен өнүккөң коопсуз өлкөнү курууга салымын кошуу болгон Ош мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ЮНИСЕФ биргеликте ишке ашырууга багыт алып жаткан мектепке чейинки мекемелердин педагогдорунун кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, тактап айтканда мектепке чейинки билим берүүдө балдарды эрте жаштан өнүктүрүү аркылуу тынчтыкты куруу конпенциясын ишке ашыруу иш чараларына катышууга даяр. ОшМУнун бир топ адистери 2015-жылдын декабрь жана 2016-жылдын январь айындагы семинар-тренингдерге катышып, бул жааттагы билимдерге ээ болушту.

Ош мамлекеттик универститети 2016-жылдын март айында Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын 80 ден ашуун балдар бакчасынын педагогдоруна аталган программанын алкагында кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү боюнча бир катар семинар-тренингдерди өткөрүп баштады.

5282 12:45 09-03-2016

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|