Новости

Юридика факультетинде Кыргыз Республикасынын Туу куну белгиленди.

Бүгүн факультетибизде 2017-жылдын 3-марты күнү Кыргыз Республикасынын Желегинин кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы белгиленди. Желек күнүнө арналган жыйынды юридика факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары, окутуучу С. А. Минбаев ачып, жыйын КРнын Гимни менен башталды. Андан соң сөз факультеттин деканы, профессор Г. К. Кулдышевага берилди. Декан факультеттин профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерди бүгүнкү желек күнү менен куттуктап, желегибиздин атрибуттарына токтолуп, жаштарды патриоттуулукка үндөп, желегибизди ар тараптан дүйнө жүзүнө желбиретүүгө чакырып өттү. Андан соң декандын орун басарлары, кафедра башчылары, жаштар комитетинин төрагасы сөз сүйлөшүп, майрам менен куттукташты.
3256 09:23 03-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 >|