Новости

“Эл аралык укук” ийрими өзүнүн кезектеги жыйынын өткөздү.

2017-жылдын 28-февралында юридика факультетинде “Эл аралык укук” ийрими өзүнүн кезектеги жыйынын өткөздү. Жыйындын темасы “Общепринятые принципы и нормы международного право и междунарордные договоры как часть правовой системы Кыргызской Республики” деп аталып негизги баяндамачы Эл аралык укук кафедрасынын улук окутуучусу Б.Аликулов болду. Жыйынга туруктуу мүчөлөрү болгон 35 студент жана бардык каалочу студенттер, окутуучулар катышты. Талкуу аябай кызыктуу өтүп, катышуучулар кеңири маалымат алышты. Аталган ийрим Эл аралык укук кафедрасынын башчысы доцент К.А.Дехканова жетектеп, студенттерге жарандык-атуулдук, руханий-нравалык тарбия берүү, окуу-кесиптик, илимий чөйрөдө өздүк денгээлин жогорулатууну максат кылат. Ийримдин жыйындары Эл аралык укуктун актуалдуу көйгөйлөрүнө багытталып, эл аралык юристер, эл аралык уюмдар жана укук коргоо органдары менен биргеликте кызматташуунун алкагында жүрүп жатат.
2442 13:48 02-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 >|