Новости

Юридика факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тажрыйбаларын оркундотуп жатышат

2018-2019-окуу жылын юридика факультетинин профессордук-окутуучулук курамы өз тажрыйбаларын өркүндөтүү менен башташты. Ош Билим берүү институту менен факультет эки тараптуу келишим түзүшүп, аты аталган институттун тренерлери окутуунун жаңы усулдары боюнча семинар өтүп жатышат. Семинар 72 саатка пландаштырылып, 11-сентябрдан 25-сентябрга чейин созулмакчы. Төрт күндүн аралыгында Арыкбаев Абдилазиз, Раимбекова Чынара, Саидов Бакыт жана Бабакулова Асида өз билими, тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышат. Семинардын максаты сабакты пландаштыруу, сабакка максат коюу, кайтарым байланыш, интерактивдүү методдорду колдонуу, компетенттүүлүккө байланышкан тапшырмаларды үйрөнүү жана өз сабактарында колдонуу. 17-сентябрдан 25-сентябрга чейин дагы башка тренерлердин келиши күтүлүүдө. Кесиптештерге ийгилик каалайбыз!!!
2056 18:26 14-09-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|