Новости

Бүтүрүүчү курстар диплом алдындагы практикага жөнөп кетишти

12-февралда юридика факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн 4-курстары диплом алдындагы практикага жөнөп кетишти. Факультеттин практика боюнча жооптуу окутуучусу Н. Табалдыев диплом алдындагы практиканын буйруктарын даярдап, практика алдында конференция уюштурду. Факультеттен практика жетекчилери студенттерди бөлүнгөн структураларга жайгаштырып келишти. Факультетибизден быйылкы окуу жылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 7 студентибиз практика өтөө үчүн кетишти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши менен факультетибиз бир нече жылдан бери кызматташып келет. Былтыркы окуу жылында 4 студентибиз практикасын өтөп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ыраазычылык каты университетибизге жөнөтүлгөн.
2553 08:25 14-02-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|