Новости

"Ош облусундагы насыя кызматын колдонгондордун соттук териштирүүлөрдө укуктук сабаттуулугун жогорулатуу" аттуу тренинг болуп өттү

31-январь 2018-жылы саат 10.00 до юридика факультетинин жыйындар залында "Ош облусундагы насыя кызматын колдонгондордун соттук териштирүүлөрдө укуктук сабаттуулугун жогорулатуу" аттуу тренинг болуп өттү. Тренингге факультеттин ПО курамы, студенттер жана Ош облустук райондор аралык сотунун төрагасы Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич, "Укуктук мейкиндик" коомдук фондунун директору Усенов Сулайман Арстаналыевич, Кредиттик эксперт Абдилазизов Акматали Мамажанович келип катышышты.Андан сырткары шаарыбызда эмгектенип жаткан практик юристтер да келишти. Талкуу кызыктуу өтүп, пайдалуу маалыматтарды ала алдык.Ош облустук райондор аралык сотунун төрагасы Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич акыркы учурдагы ченемдик-укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат бере кетти. Мындан ары Ош облустук райондор аралык соту, "Укуктук мейкиндик" коомдук фонду жана юридика факультети кызматташуу боюнча макулдашылды.
3141 14:37 01-02-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|