Новости

Юридика факультетинде ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү

9-декабрь күнү факультетибиздин кезектеги иш-чарасы-ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү. Аталган иш-чара эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгү келген конокторду салтанаттуу тосуп алуу жана концерттик программа, экинчи бөлүк ОшМУнун миссиясы менен, окуу процесси жана материалдык-техникалык база менен тааныштыруу. Жолугушууга Карьера борборунун башчысы Жакыпова Гульмира,факультетибиздин деканы, профессор Г. К. Кулдышева жана профессордук-окутуучулук жамаат катышты. Таланттуу студенттерибиз тарабынан даярдалган концерттик программа аяктаган соң, ата-энелер үчүн экскурсия уюштурулду. Ата-энелер уул-кыздары окуп жаткан аудиториялар, китепкана, атайын кабинеттер менен таанышышты. ОшМУда, факультетте жүрүп жаткан алгылыктуу иштер менен тааныштыруу үчүн декандын окуу иштери боюнча орун басары С. Минбаев презентация жасады. Жолугушуу аягында ата-энелер комитети түзүлүп, комитеттин төрагасы жана катчысы шайланды. Ата-энелер мындай жыйындарды ар семестр сайын өткөрүп турууну сунушташты.
2676 09:14 11-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|