Новости

Кыргызстандан эки эң мыкты баалар менен окуган студент Женевадагы ИМБДУнун штаб-квартирасына барып келет.

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) ИМБДУ жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө кабардар кылууну жогорулатуу максатында, интеллектуалдык менчик жаатында глобалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү кошуп, 2017-жылдын 5–6-декабрында Женева шаарында интеллектуалдык менчик жаатында билим алып жаткан жана изилдөөлөр менен алектенген студенттер үчүн ИМБДУнун штаб-квартирасы менен таанышуу сапарын уюштурат. Мурдараак ИМБДУдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик жаатында билим алып жана изилдөөлөр менен алектенип жүргөн эки студентти ИМБДУнун штаб-квартирасы менен таанышуу сапарына жөнөтүүгө байланыштуу кат келип түшкөн. Ушуга байланыштуу Кыргызпатент интеллектуалдык менчик жаатында изилдөө иштери менен алектенген студенттер боюнча маалымат берүү тууралуу каты менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кайрылган. Студенттердин тизмесин Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясы беришкен. 2017-жылдын 30-октябрында Кыргызпатент жөнөтүлгөн студенттердин тизмеси боюнча билим деңгээлин аныктоо жана ИМБДУнун штаб-квартирасына таанышуу сапарына жөнөтүү үчүн талапкерди тандоо максатында тестирлөө жүргүзгөн. Ошондой эле студенттерге объективдүү баа берүү үчүн окуунун жүрүшүнүн бардык мезгили үчүн студенттин жетишкендиктери тууралуу маалымат алынган. Окуунун жүрүшүнүн бардык мезгилиндеги студенттин жетишкендиктерин эске алуу менен тестирлөөнүн натыйжасында, ошондой эле изилдөө иштеринин тандалып алынган тематикасынын актуалдуулугун эсепке алуу менен, төмөнкү эң мыкты баалар менен окуган студенттерге Женева шаарына ИМБДУнун штаб-квартирасы менен таанышуу сапарына жөнөтүүгө чечим кабыл алынды: 1. Смайыл уулу Эрлан Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын 3-курсунун студенти; 2. Туйгунбек кызыНуризат Ош Мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетинин 4-курсунун студенти.
2111 11:13 17-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|