Новости

Юридика факультетинде конференция!!!

Кечээ ОшМУ нун Юридика факультетинин Сырттан жана дистанттык окуу бөлүмү тарабынан бүтүрүүчү курстарынын диплом алдындагы мамлекеттик практикага жөнөтүүгө арналган конференция уюштурулду. Мында өндүрүштөн Ош шаардык прокуратура, ИИМнин Ош областтык жана Ош шаардык бөлүмдөрүнөн, Ош областык жан Ош шаардык юстиция башкармалыгынан жана шаарыбыздагы адвокаттык коллегиялардан келген өкүлдөр менен биргеликте ОшМУ тиешелүү жетекчилери, факультеттин деканы,кафедра башчылары, окутуучулар жана сырттан окуу бөлүмүнүн бүтүрүүчү курстарынын студенттери катышкан кенен бир маектешүү болду. Теориялык билимди практикалоодогу күнгөй-тескей жактары жана бир топ сунуштар айтылып, презентация жана кызуу талкуулар менен коштолуп, кээ бир маселелер жеринде чечилди. Аягында бул конференция жемиштүү болгонун баардыгы бир ооздон айтышып, конференциянын ишине жана студенттерге ийгилик каалап жыйынтыкталды. Анан кофе-брейк :)
4033 08:40 07-02-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|