Магистратурадагы лабораториялык ачык сабак! 17:01 02-04-2018 2390 2018-жылдын 30-мартында Табият таануу жана география факультетинин Ботаника, Жалпы биологиялык дисциплиналар кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты, Молдалиев Жоомарт Тумакович БИО(м)-1-17 тайпасынын магистранттарына «Иммунологиянын негизинде адамдын канынын группасын жана резус факторун цоликлондун жардамында аныктоо» деген темада лабораториялык-практикалык ачык сабак өттү. Ачык сабакта факультеттин деканы х.и.к., доцент Т.А. Мамытов магистранттардын билимин текшерүү максатта өзүнүн канынын группасын жана резус факторун аныктатып магистранттардын туура аныктагандыгын белгиледи. Сабакка магистранттар, бакалавр багытында окуп жаткан студенттер, ОшМУнун магистратура жана РhD доктарантура бөлүмүнүн башчысы б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т., кафедра башчысы б.и.д., профессор Тажибаев А., Жалпы химия жана ХЭК кафедрасынын башчысы х.и.д., профессор Абдуллаева М.Д., п.и.к., доцент Эмилбекова Д.А., Буранов Э. Ш. ж.б. профессордук окутуучулук курам катышып анализдешти. Ж.Т. Молдалиевдин сабагына магистранттар активдүү катышышып, сабак жогорку деңгээлде болуп өткөндүгүн жана ушул сыяктуу ачык лабораториялык-практикалык сабактар магистратурада көбүрөөк уюштурулуп, илимий иш аракеттер менен кенениреек иштөө керектигин баса белгилеп кетишти Фото сюжет 2018-04-02 16:46:35 2018-04-02 16:46:22 2018-04-02 16:46:09 2018-04-02 16:45:50 2390 17:01 02-04-2018