Новости

Ош мамлекеттик университетинин Магистратура жана PhD докторантура бөлүмүндө “Магистратуранын келечеги жана учурдагы маселелер” аттуу тегерек стол

Ош мамлекеттик университетинин Магистратура жана PhD докторантура бөлүмүндө “Магистратуранын келечеги жана учурдагы маселелер” аттуу төмөндөгү программада тегерек стол болуп өттү:
Учурда бөлүмдү жетектеп жаткан б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева тегерек столду – ой бөлүшүү, пикир алышуу айлампасы деп, чакырылган программа жетекчилерин, алдыңкы окутуучуларды иш чаранын программасы, максаты менен тааныштырып, аларды университеттин магистратура бөлүмүнүн иштерин активдештирүү, даярдалып жаткан адистердин сапатын көтөрүү, аларга болгон суроо талаптарды күчөтүү багытында активдүү ой бөлүшүүгө чакырды. Ар бириңиздердин туура айтылган сунуштарыңыздардан, убагында белгиленген сын-пикирлериңиздерден, ой-тилектериңиздерден келечек багытыбызды так белигилеп, стратегиялык өнүгүү планды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, - деп белгиледи. Ушул тапта жүргүзүлүп жаткан иштердин кээ бирлерине токтолойун:
- сапатты көтөрүү үчүн магистратуранын 2016-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнөн – ОшМУда эмгектенип жаткан магистрлерден, магистранттардан (1-2-курс) сурамжылоо баракчалары жүргүзүлүүдө;
- Магистратурада лекциялар окуу процессинин 20-30% гана түзүп, аларга алдыңкы окутуучулар: тиешелүү багыттарда илим менен активдүү шугурланган илимдин докторлору, профессорлор жана мыкты адис-практиктер тартылууда;
- Магистрлерди даярдоодо негизги орун илим-изилдөө иштерине берилгендигине байланыштуу илимий мектептердин, кафедралардагы илимий лабораториялардын жана кайсыл бир ишканалардын илимий борборлорунун базаларын пайдалануу үчүн өз ара кызматташуу келишимдери түзүлүүдө;
- магистратурадагы практиканын 4 түрү боюнча бир тектүү күндөлүктөр пайдаланууга берилди жана магистрдик диссертациялардын электрондук базасы түзүлүүдө;
- Ош мамлекеттик университетинин магистратура бөлүмү 3 жылда (23.04.2014-жыл) түрдүү тармактарга керектүү мыкты адистердин 1-бүтүрүүчүлөрүн жиберди, алардын ичинен 203 магистр учурда ОшМУда үзүрлүү эмгектенишүүдө. 2016-жылы жалпысынан 366 магистрант магистрдик диссертациясын ийгиликтүү коргоду, 145и артыкчылык диплому менен “магистр” академиялык даражасына ээ болду.
Магистрдик программанын өзгөчөлүгү андагы илим изилдөө компонентинин көлөмүндө (б.а. жалпы 120 кредиттин ичинен 50 кр ИИИ). Демек магистранттар илимий изилдөө иштерине активдүү катышуучу гана болбостон кайсыл бир илимий долбоордун аткаруучусу, жетекчиси болууга милдеттүү жана илимий изилдөөлөрдү аткарууда алар чыгармачылык мамиле кылуу менен өз алдынча, максаттуу ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болушу абзел. Ошондуктан бөлүмдө 2016-жылдын ноябрь айынан магистранттарды илимий конференцияларга, семинарларга, төгөрөк столдорго, түрдүү дискуссияларга, тренингдерге катыштыруу аркылуу алардын өз алдынча ойлонуу, анализдөө чеберчилигин арттырууга жана заманбап илимий технологияларды пайдаланып илимий изилдөө иштерин жүргүзө билүүгө үйрөтүүчү, алардын жалпы кесиптик, башкаруучулук, коомдук жана маданий компетенцияларын калыптандыруучу чоң долбоор - “Илим Фестивалы” уюштурулган. Анын максаты жаштарга терең билим жана тарбия берүү менен аларды илимге кызыктыруу аркылуу коомду, чөйрөнү өнүктүрүүгө, экономиканы көтөрүүгө салым коштуруу, Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө багыт алуу. Милдети магистранттарды илимге тартуу аркылуу, аларды фундаменталдык, колдонмо багыттарындагы илимий изилдөөлөрүнөн алынган материалдары, натыйжалары тураалуу ой бөлүштүртүү, илимий талкууга катыштыруу, өз ойун бөлүшүүгө, көз карашын эркин айтууга жана коргоого үйрөтүү менен тиешелүү жалпы кесиптик, башкаруучулук, маданий жана коомдук компетенцияларын калыптандыруу о.э. магистранттардын чыгармачылык менен иштөөсүн арттыруу, аларга шык, дем берүү менен аларды коомдогу кайсыл бир багыттагы көйгөйдү чечүүгө салымын коштуруу; актуалдуу маселени изилдөө үчүн колдонмо жана фундаменталдык багыттардагы илимдин актуалдуу багыттарын жана жергиликтүү көйгөйлөрдү изилдөөгө, чечүүгө арналган илимий изилдөөлөр, илимий экспедициялар жана бул багыттагы аткарылган иштердин натыйжасында ар жылы ноябрь айында өткөрүлүүчү “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий конференциясы, ойлоп табууларынын, өндүрүшкө практикалык сунуштарынын, гипотезалардын жана мыкты инновациялык иштелмелеринин, долбоорлорунун сынак (конкурстары);
“Илимий ишембилик” – магистранттар, студенттер, жаш окумуштуулар үчүн практикаланып, негизги максаты жаштардын ой жүгүртүүсүн, билим, илим деңгээлин, адеп, ыйманын, маданиятын жогорулатуу. Илимий ишембиликте илимдин түрдүү багыттары боюнча чыгаан профессорлордун илимий–популярдык лекциялары, ачык сабактары, түрдүү форматтагы мастер-класстар, “брейн-ринг”, “квесталар”, окумуштуулар менен жолугушуулар жана учурдун көйгөйлүү маселелерине арналган айлампа пикир алышуулар, баарлашуулар (тегерек стол) жана илимий семинарлар ай сайын өткөрүү пландаштырылган. Эң биринчиси ректорубуз, филол.и.д., профессор К.А. Исаковдун 17.02.2017-жылда өткөргөн «Ыйман, адеп, маданият- башаты да, булагы да адабият” атуу интеллектуалдык баарлашуу кечеси болду.
“Баардашуу кечеси ачык тибинде болуп ага окутуучулар, магистранттар, аспиранттар, студенттер менен биргеликте жан дүйнө азыгын алууну самаган бардык каалоочулар катышышты. Коомдун негизги өзөктүү көйгөйлөрүнөн болуп келген ыйман деградациясы, адеп-ыймандын адамдар ортосундагы мамиледе көрүнүшү, ыймансыздыктын, адепсиздиктин себептери, акыл-эс баалуулуктары, жети ата философиясы, адам жашоосунда диндин, адептин орду, энеге, атага, кыз балага, уул балага улуу-кичүүгө, кесиптешке, устатка, өмүргө, өлүмгө болгон мамиле тууралуу кеңири токтолуп, ар биринин жашообуздагы маани маңызы тууралуу кеңири сөз кылды. Учурда муундар аралык ажырым пайда болуп, адептүүлүктү туу тутуп, аздектей албай калган учурда жаштарга эң зарыл болгон саламдашуу, коштошуу, сүйлөшүү, үй-бүлө, кийинүү, дос күтүү адептерин ачып берди. Ошондой эле адамды адам кылган акыл-эстүүлүк, иштермандык, кичипейилдик, сабырдуулук, боорукердик кечиримдүүлүк сапаттарыбызды арттырууга чакырды. Презентацияны жыйынтыктап жатып “Биз окутуу менен бирге тарбиялоону, тарбиялоо чөйрөсүн түзүүбүз керек. Ар бир окутуучунун милдети - өзү тарбиялуу болуп, жаштарды туура тарбиялоого өмүрүн арнашы керек”, - деди жана бул маалыматтар Ыйык Курандан, кыргыз адабиятынын баа жеткис баалуулугу болуп саналган Ч.Айтматовдун эмгектеринен, Чыгыш адабияттарынан алынгандыгын кошумчалады. Ар бир айтылган сөз катышуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапкан өзгөчө презентация жана адамдык улуу сапаттар, адеп, ыйман темасындагы ырлар, поэзиялар менен коштолду. “Баарлашууда бүгүнкү күндөгү ыймандуулуктун, адамдык аруу сезимдердин, адептүүлүктүн солгундоосу, маданиятыбыздын, адамдар арасындагы ымала-мамиленин начарлашы, коомдук жүрүм-турумдун бузулушу, жалпысынан, адеп-ахлах деградациясы жөнүндө кенен маалыматтар берилип, аларды чечүүнүн жолу же ачкычы адабиятта, элдик оозеки чыгармачылыкта, исскусстводо, динде экендиги белгиленди” деп белгилеп кетти университеттин пресс-катчысы З.А. Нуралиева
Бул багыттагы интеллектуалдык баарлашуулар жыл бою уланып, март айында тарых темасында, апрель айында ыйман темасында жолугушуулар белгиленген. Жалпысынан бул, жогоруда айтылган иш чаралардын негизги максаты – СНГ мамлекеттерине, чет өлкөлөргө кетүүдөн башка өнүгүү, өсүү жолду көрбөгөн - магистрлерди, студенттерди, жаш окумуштууларды коомдогу өзгөрүүлөргө, өнүгүү процессине кайдыгерликтен, кош көңүл мамиледен чыгаруу жана алар үчүн изилдөөлөрү туралуу кеңири ой бөлүшүүчү, ачык-айкын пикир алмашуучу чөйрөнү калыптандыруу, аларды инновациялык идеялар менен куралданган илимий долбоорлордун, идеялардын, сунуштардын, ойлоп табуулардын генераторлоруна, коомдун туруктуу өнүгүүсүнө өз салымдарын кошо турган активдүү граждандарга айландыруу.
Албетте магистранттардын илимий иштерин аткаруусунда, илимий практикаларды сапаттуу өткөрүүгө багыт берүүдө жана тиешелүү Программаны ишке ашырууда мыкты окумуштууларды, профессорлорду, дасыккан адистерди, профессордук-окутуучулук курамдын алдыңкыларын жетекчиликке тартуу тиешелүү факультеттердин декандарынын, кафедра башчыларынын, программа жетекчилеринин кызматтык милдети экендигин баса белгилегим келет. Анткени алар практика өтүлүүчү базаларын тактап, алар менен тиешелүү өз ара кызматташтык келишимдерди түзүүгө, кафедранын ичинде заманбап жабдылган илимий лабораторияларды түзүп, адабий булактар менен камсыздоого милдеттүү жана эң башкысы илимий жетекчини туура тандоого көмөк көрсөтүүсү зарыл.
Учурдан пайдаланып, жаңы эле дайындалган окуу иштери боюнча проректор, с.-т.и.к., доцент Авазбек уулу Расулга иштерине ийгилик, чоң ишеним, ден соолук каалоо менен куттуктап, программа боюнча биринчи баяндамачыга – проректорго сөз берилди.
Авазбек уулу Расул, магистратурадагы кээ бир өзгөчөлүктөргө токтолду: Магистратурада окутуу европалык билим берүү моделинин негизинде адистик компетенттүүлүктү өстүрүүгө багытталгандыктан, эки жылдык программадан өткөн магистрант - тиешелүү жалпы кесиптик, башкаруучулук, маданий жана коомдук компетенцияларга ээ болоруна;
Магистранттарда тиешелүү компенттүүлүктөрдү калыптандырууну ишке ашыруу үчүн окуу процессинде сабактарды өтүүнүн түрдүү жолдору, интерактивдүү, активдүү формалары кеңири сунушталарына, адистерди, профессорлорду чакыруу практикаланып жаткандыгына. Бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуудагы негизги конкуренциялык артыкчылык. Тандап алган илимий чөйрөсү боюнча тереңдетилген билим алуу. Стажировка, практика өтүү жана илимий-изилдөө орду эске алынган жекече окуу планын тандоого мүмкүндүк берген өздүк билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгү.
Магистр даражасына ээ болуу эмгек акынын жогорулашы жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Магистрдик диссертацияларды антиплагиаттык текшерүүдөн өткөрүү пландалып жаткандыгына жана ОшМУнун ректору К.А. Исаковдун демилгеси менен КМЮИ, ТИМ алдындагы Дипломатиялык Академия ж.б. ЖОЖдор менен ички академиялык алмашууларды уюштурууда магистратурада да “1+1” долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырып жаткандыгына да токтолду.
Кийинки баяндамачы ОшМУнун сапат департаментинин директору, п.и.к., профессор, эл аралык эксперт М. Алтыбаева: Болон процессине, анын кыскача тарыхына жана Магистрлердин төмөндөгү негизги профессионалдык иш-аракеттерине токтолуп өттү:
• уюштуруучулук-башкаруучулук;
• аналитикалык;
• проекттик-экономикалык;
• илимий-изилдөөчүлүк;
• илимий-педагогикалык.
Учурда Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда бакалавр, магистр жана PhD адистери үчүн эмгек рыногунда мыйзамдык база жетишсиз экендигин белгиледи. Магистратуратуранын окуу-иштерин уюштурууда башка өлкөлөрдөгү - РФ, Казакстандагы кээ бир тажрыйбаларды пайдаланууну, жана кабыл алууда бакалаврларга жана адистерге кесиптик кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн жаратууну сунуштап кетти.
Бизнес жана менеджмент факультетинде магистрлерди даярдоо 2012-жылдан башталып 521600 "Экономика" , 521500 "Менеджмент" багыттарында магистрлерди даярдап келе жаткандыктан, эки программанын жетекчиси, э.и.к., доцент М. Джоробаева “БиМ факультетинин магистр даярдоодогу тажрыйбасы, учурдагы маселери” деген баяндамасында, факультеттин магистранттарынын эмгекке жайгашуу 95-100%, билим сапаты, сабакка катышуусу, ички- сырткы мобилдүүлүктөрү да жогору экендигине, ПО курамдын сапаттык көрсөткүчү 93-95 %, учурда дагы да иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн магистратурадагы AVN системасындагы бардык көрсөткүчтөрдү бөлүп кароону сунуштады.
Андан соң Т.Т. Жумабаева катышуучуларды активдүү баарлашууга өтүүнү сунуштады. Ой бөлүшүүлөргө катышкандар төмөндөгүлөргө токтолушту:
- Искусство факультетинин көркөм билим берүү кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Исмаилов А., магистратурада академиялык тайпа түзүүнүн мыйзамдуу нормасы, чеги барбы, деп кызыкты;
- “социалдык иштер” программасынын жетекчиси филос.и.к., доцент Ө.С. Акматов, албетте программа жетекчилерине бир топ жоопкерчиликтер берилгендигин, бирок алар бир дагы маселереге катыша албагандыгын, эч бир жерде алардын макулдугу суралбай тургандыгына байланыштуу алардын укук милдеттерин бекитип коюну өтүндү;
- филология программасынын жетекчиси, филол. и.д., профессор К.Зулпукаров учурдагы талап кылынып жаткан – билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр СССР стандартындагы “ЗУН” – знание, умение, навыки, түшүнүктөрүн толук кандуу чагылдыра албайт, жана үстүртөн карайт деп, адистиктин компетенциялык картасын түзүүдө кээ бир котормолордогу түшүнбөстүктөр болуп жаткандыгына токтолуп, аны толтууруда, түздөн түз которулбастан стандартка ылайык, туура келген абалда терминдерди пайдаланууну сунуштады;
- саясат тануу программасынын жетекчиси филос.и.к., доцент Г. Султанова министрлик тарабынан сунушталган стандарттар РФ көчүрүлүп алынган, аларда жергиликтүү өзгөчөлүктөр, баалуулуктар эске алынбаган, адисти даярдоого зарыл ЖОЖ компоненттерине, тандоо курстарына сааттар аз бөлүнгөндүгүнө токтолуп, белгилүү ченде университеттерге адистик үчүн зарыл болгон предметтерди кийирүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү, стандарттарга өзгөртүүлөрдү сунуштоо мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады;
- музыкалык аткаруу программасынын жетекчиси п.и.к., доцент Б. Иметов мындай иштердин, баарлашуулардын өтө зарыл жана керектүү экендигин эске алып регулярдуу өткөрүлүп туруусун айтты;
- филологиялык билим берүү прорграммасынын жетекчиси филол. и.к., доцент Г. Жамшитова магистрлердин илимий иштерин улантып, андан ары коргоо үчүн алар кайда барыш керек, аспирантурагабы, же жөн эле коргой алышабы деген суроону койду;
Университет боюнча магистрлерди даярдап жаткан 13 факультеттин декандарынан ичинен, келечекке кош көңүл крабаган жалгыз өкүл, тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А. Смадияров магистрлердин көпчүлүгү мектепте, ар түрдүү тармактарда иштегендиктен алардын мүмкүнчүлүгүнө жараша академиялык эркиндик берүү практикасын пайдаланууну жана илимий изилдөө иштерин сапаттуу өткөрүүнүн бир жолу чакан болсо да илимий экспедицияларга, изилдөөлөргө каржы маселесин чечүүнү сунуштады;
- математика программасынын жетекчиси, ф.-м.и.д., профессор Г.Матиева тиешелүү багыттарда иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгына, жалпы пикир жаман эместигине, учурда магистратурада иштерди уюштуруунун сапаттык өзгөрүүлөрүнө багыт алп жаткандыгын белгилөө менен, профессор К. Зулпукаровичтин “ЗУН” – учурдагы “компетенттүүлүк – иш билгичтик” дал келерин айтып, талаштан тактык жаралат, мындай ой бөлүшүү, пикир алышуулар регулярдуу болушун колдойм, деп токтолду.
- табят таануу жана география факультетинин магистратура боюнча жетекчиси б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиев магистратура боюнча тиешелүү дисциплиналар боюнча бир тектүү ОМКлар болсун үчүн, М. Алтыбаевага билим берүүнүн менеджменти программасынын жетекчиси, жана тажрыйбалуу методист катары үлгү ОМКны сайтка киргизип берүүсүн өтүндү.
- Сапат департементинин директору М. Алтыбаева профессор К. Зулпукаровго мисал аркылуу компентенция менен “ЗУН” айырмасын түшүндүрүп өттү: М.: ЗУН - мен билем, ал эми компетенция – мен кандай жасаганды да билем десе болот деп токтолду.
- Баарлашууну жыйынтыктап жатып Т.Т. Жумабаева ОшМУда магистрлерди даярдоодо декандын, кафедра башчысынын, программа жетекчилеринин, магистратура жооптууларынын, илимий жетекчини кызматтык милдеттери тиешелүү структуралар менен макулдашылып, 01.10.2016-ж, ректордун буйругу менен бекитилип сайтка жайгаштырылган, программа жетекчилери тиешелүү багыттарда ББП ишке ашырууга демек даярдалуучу адистиктердин сапатына жооптуу экендигин белгилеп, предметтерди мыкты адистерге бөлүштүрүүдө, сабактарды сапаттуу өткөрүүдө, практикаларды, илимий иштерди уюштурууда жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун суранды. Натыйжада жогорудагы айтылган сунуштарды эске алуу менен НББПга тиешелүү предметтердин силлабустарын, ОМКларын, электрондук лекцияларды иштеп чыгууда, материалдык базаны чыңдоодо, илимий лабораторияларды түзүүдө жана аларды университеттин сайтына жайгаштырууга, ички-сырткы мобилдүүлүктү арттырууда, практикалардын, ИИ сапатын көтөрүүдө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди, ыраазычылык билдирүү менен активдүү кызматташууга чакырып кетти. Албетте Университеттин алдындагы эң чоң бир милдет билим берүү болсо, экинчи милдети бул андан кем калышпаган - өзү жайгашкан чөйрөнү кошо өзгөртүү. Биздин алдыбыздагы чоң милдеттерибиздин бири – иш берүүчүлөрдүн суроо талаптарына жооп берүүчү, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошо ала турган компетенттүү – иш билги адистерди даярдап чыгаруу.

Т.Т. Жумабаева, amanaiosh@rambler.ru













4364 16:12 20-02-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|