Новости

Добоор жазуу боюнча семинар болуп өттү

“Интербилим” уюмунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Гүлгакы Мамасалиева бүгүн 4-апрель күнү журналистика адистигинин студенттерине “Долбоор жазуунун ыкмалары” деген темада семинар өтүп берди. Семинардын жүрүшүндө студенттер тайпаларга бөлүнүп долбоор жазуунун ыкмаларын үйрөнүштү. Ошондой эле студенттер долбоор жазуу боюнча өздөрү кызыктырган суроолоруна кеңири жооп ала алышты. Г.Мамасалиеванын айтымында студенттер долбоорду кантип жазуу керек экенин жана аны кантип ишке ашыруу керек деп аябай кызыгышып, семинарга активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Келечекте көп долбоорлорду жүзөгө ашырган студенттерди көрө алдым деп баса белгиледи.
3249 15:55 04-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|