Новости

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча презентация болуп өттү

Бүгүн 6-февраль күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча презентация болуп өттү Презентацияда Арабаев атындагы КМУга, Карасаев атындагы БГУга жана ЫМУга барып окуп келген студенттер жаңы чөйрө, жаңы достор менен таанышып, предметтик сабактарга катышуу менен бирге мугалимдердин билим берүү тажрыйбасына күбө болуп келишти. Ощондой эле презентацияга катышкан студенттерди башка университеттерден тажрыйба алмашып келүүгө чакырды. Мындан кийин бул багыттагы иш-чаралар улантылып, факультеттин студенттери өлкөбүздүн аймактарында жайгашкан университеттерден академиялык мобилдүүлүк багытында билим алууларын уланта беришмекчи.
1609 14:34 06-02-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|