Новости

Тарых факультетиндеги илимий жетишкендиктер

2015-жылдын 22-декабрында ОшМУда өтүп бараткан жылдагы илимий ийгиликтердин жыйынтыгы чыгарылды. Мында Тарых факультети айырмалана алды. Мисалы ОшМУда бул жылы 26 окутуучу илимдин кандидаттыгын жактаса алардын төртөөсү: Маразыков Н., Султанова А., Чыныкеева Г., Апышева А. тарых факультетинде иштешет. Мындан сырткары "Кыргызстан тарыхы" кафедрасынын доценти Осмонова Самаранын монографиясы ОшМУ боюнча 2-орунга татыктуу болду. Аймактык ЖОЖдор аралык олимпиядада тарыхчы-студенттер бул жылы 1-орунду жеңип алышкан. Ал студенттерди даярдашкандар: "Кыргызстан тарыхы" кафедрасынын улук окутуучусу Ураимов У. жана доцент Арстанов С. акчалай сыйлыкка татыктуу болушту.
3296 16:25 25-12-2015

                 

Новости

|< 1 >|